Бизди колдоңуз

Биздин электрондук ЭЛСОМ капчыгыбыз: +996 707 697 932

Жогоруда айтылгандай Ак-Жүрөк кризистик борбору  жардам үчүн кайрылган аялдарга жана  жаш балдарга 18 күнгө чейин баш калкалоочу жайда жашаганга мүмкүнчүлүк берип, аларды үч маал тамак, гигиеналык буюмдар ошондой эле кийим-кече менен камсыз кылат.

Ар бир адамга күнүмдүк чыгым 300 сомду түзөт. Бул суммага биз гигиена каражаттары болгон: тиш жуучу паста, щетка, самын, кир жууганга айна, даарат кагазын,аялдар колдонуучу жалаяк (прокладки) , памперс, бөбөктөр жечүү тамак ж. б нерселерди сатып алабыз. Жана ошондой эле тамак-аш, жол акы, кийим-кече, чөнтөк чыгымдары да ушул суммага кирет.

Турмуштун кыйын кырдаалына дуушар болгон аялдарга жардам бере алуубуз үчүн Ак-Жүрөк кризистик борборун колдошуңуздарды суранабыз. Сиздер бизди аздыр көптүр  электрондук ЭЛСОМ капчыгыбызга же болбосо банктык
эсептерибизге акча которуулар менен салымыңыздарды кошсоңуздар болот. Туруктуу (бат-бат) колдоңузга абдан кубанабыз.

Сиздер кайрым кылган бүт каражаттарыңыз аялдарга жана жаш балдарга гана жардам көрсөтүү үчүн колдонулат. Кризистик борбордун ишчилеринин айлыгына колдонбойт.

Ошондой эле сиздер биз менен түз байланышка чыгып баш калкалоо жай үчүн гигиеналык каражаттарды, кийим-кечелерди жана тез бузулбоочу азык-түлүктөрдү белек кылып берсеңиздер болот.

 

Ак-Жүрөк кризистик борборуна кайрылган аялдардын саны жыл сайын өсүүдө. Башкы бетте айтып өткөндөй акыркы 7 жылда алардын саны 53%га өскөн, бирок буга карабастан, биздин кызматкерлер кризистик борборун жабуу жөнүндө бир нече жолу ойлонушкан себеби муктаж аялдар менен балдардын агымы үзгүлтүксүз болгону менен борбордун каржылоосу туруксуз.

Ак-Жүрөк кризистик борбору баш калкалоочу жайга 2018-жылдан бери туруктуу демөөрчүлөрдү издеп келет. Биздин негиздөөчүбүз Дарикан Асилбекова бул өтүнүчтү ар кандай медиа каналдар аркылуу дайым айтып келүүдө. Мисалы, 2018-жылдын 12-январында НТС телеканалы биздин баш калкалоочу жайга кайрылган аялдар колдоого муктаж экендиги жөнүндө жана Ак-Жүрөк кризистик борборунун жана анын карамагында иштеген баш калкалоочу жайдын жабылышы ансыз деле кайрыла турган жери жок аялдар үчүн орду толгус жоготуу болоору жөнүндө репортаж тарткан. Репортажды бул шилтеме аркылуу толук көрө аласыз.

Сиз кризистик борбордун жана баш калкалоочу жайдын жабылбашы үчүн жардам көрсөтөм десеңиз, бизге демөөрчү болуп, ай сайын көнүлүңүздан чыккан сумманы биздин ЭЛСОМ электрондук капчыгыбызга которо аласыз. Учурда сиздердин ыңгайлуулугуңуздар үчүн ар кандай акча которуу ыкмаларын туташтыруунун үстүндө иштеп жатабыз.