Биздин өнөктөштөр

Ак-Жүрөк кризистик борборунун түзүлгөнүнөн бери 18 жыл өттү. Бул убакыттын ичинде биз менен байланышып, кайрылып, жардам алган аялдардын саны  жалпысынан 19,000 ашты. Бул жардамды берүүдө бизди мамлекеттик органдар жана ошондой эле бей өкмөт уюмдар колдоп келүүдө.

Ак-Жүрөк кризистик борбору 2014-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Эмгек жана коомдук өнүгүү министрлигинин мамлекеттик тапшырыгын аткарып, министрликтин тапшырыгынын негизинде бир нече долбоорду ишке ашырган:

1) 01.01.2014–30.12.2014—«Эркектердин, аялдардын жана жаш балдардын жашоосундагы оор кырдаалдар»,(«Жизненные трудные ситуации мужчин, женщин и детей»).

2) 01.05.2015–30.03.2016—«Үйүң тынч—аалам тынч», («Спокойствие дома—спокойствие в мире»).

3) 01.08.2018–30.07.2019—«Күн баарыбызга бирдей тиет», («Солнце светит всем одинаково»).

4) 01.08.2020–30.07.2020—«Зордук-зомбулуксуз жашоо», («Жизнь без насилия»).

Ош облустук мамлекеттик администрациясы 2002-жылдан тартып, Ак-Жүрөк кризистик борбору менен кызматташып келет. 2002-жылдан 2010-жылга чейин облустук администрациясы кризистик борборду имарат менен камсыз кылган. Жада калса 2010-жылы баш калкалоочу жай үчүн төрт бөлмөлүү батир бөлүп берген. Ар беш жылда Ак-Журөк кризистик борбору жана Ош облустук мамлекеттик администрациясы менен түзгөн меморандумду жаңылап турат. Ал эми быйыл 2020-жылдын апрель айында меморандумдун мөөнөтү аягына чыгат.

Ош шаарынын мэриясы 2002-жылдан бери Ак-Жүрөк кризистик борбору менен тыгыз иштешип келет. Биргеликте ар кандай иш-чараларды өткөрүп келебиз. Алардын арасында жолугушуулар, тегерек столдор, семинарлар, тренингдер жана маалыматтык кампаниялар ишке ашырылып келет. Ошондой эле мэрия кризистик борборго кайрылган энелердин жаш балдардын мектепке же болбосо бала бакчага жайгашытырууга жардам берет. Мэрия кээ бир аялдарга жумуш табууга дагы жардамын берип келет.

01.01.2019-31.12.2019-жылы «Зомбулуксуз жашоого карай максаттуу жол» аттуу долбоорду ийгиликтүү ишке ашырганбыз. Долбоор Ош шаарынын мериясынын мамлекеттик социалдык тапшырыгынын алкагында каржыланган.

Ак-Жүрөк кризистик борбору 2012-жылдан бери «Сорос-Кыргызстан» фонду менен кызматташып келет. «Сорос-Кыргызстан» фондунун каржылоосунун жардамы менен бизде бир нече долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк болгон:

1) 01.2012-01,2013—«Гендердик зомбулуктан жабыр тарткан аялдар жана жаш балдар үчүн юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүү», («Оказание юридической и психологической помощи женщинам и детям, пострадавшим от гендерного насилия»).

2) 01.07.2013-06.30.2014—«Очоктун оту өчпөсүн», («Пусть не гаснет пламя очага»).

3) 02.2015-02,2016—«Жүрөктөн жүрөккө», («От сердца к сердцу»).

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү борбору кээ бир аялдардын биз чече албаган маселелерин кайтарымсыз негизде чечүүгө жардам көрсөтөт. Сиз бул борбор тууралуу кененирээк маалыматты бул шилтеме туралуу ала аласыз: http://www.ukuk-jardam.gov.kg/ru/p/about/law

Биздин кризистик борбор 2002-жылдан бери Кыргызстандагы кризистик борборлорунун ассоциациясынын мүчөсү болуп келет. Бул ассоциацияга 13 кризистик борбор мүчө болуп тыгыз кызматташууда. Кызматташуубуздун алкагында биз маалымат алмашып жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүп келебиз. Мисалы: ассоциациянын баардык мүчөлөрү биргелешип, 16 кундук зордук-зомбулукка каршы маалыматтык кампаниясын өткөрүп келет. Кампаниянын максаты—зордук-зомбулуктун түрлөрү жөнүндө маалымат берип элдин зордук-зомбулукка болгон мамилесин жана көз карашын жогорулатуу жана өзгөртүү. Ассоциациянын ишмердүүлүгү жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн бул шилтемени басыңыз: https://acckg.org/

Ош облустук Казыяты 2014-жылдан бери кризистик борборду колдоп келет.  Биз облустук Казыяттын кызматкерлерине өтө ыраазыбыз. Себеби алар эч качан жок дебестен ар дайым колдорунун келишинче  жардамдарын аяшпайт. Облустук казыят үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга материалдык жактан жардам көрсөтүп келет.