Ош шаарындагы Ак-Жүрөк кризистик борбору 2009-жылы баш калкалоочу жай (шелтер) ачып аны ишке киргизген. Негизделгенден бери 452 аял шелтерге келип жашап жана жардам алып кетишкен. Алардын көбү үй-бүлөөлүк жана сексуалдык зордук-зомбулукка дуушар болуп жана башка барар жери жок болгондугунан бизге келип жардам сурашкан. Биздин баш калкалоочу жайыбыз бир учурда 12 адамды батыра алат. 12 киши батыра алганы менен бир убакытта 3 же 4 аял гана жашай алат, себеби алар көбүнчөсү балдарын дагы эрчитип келишет.
Биздин эксперттерибиз бизге кайрылган аялдарга жана алардын балдарына стресс абалынан чыгууга жана өз жашоо кырдаалдарын жакшыртууга жардам беришет. Биз аларга баш калкалоочу жайда 18 күнгө чейин жашаганда мүмкүнчүлүк берип аларды үч маал тамак, гигиеналык буюмдар жана кийим-кече менен камсыз кылабыз.