Жаңылыктар

FSK-logo_vert_2c_RGB
Логотип Демократической Комиссии Посольства США
логотип Ак-Журока

Ковид-19 пандемия жана ага байланыштуу өзүн-өзү карантинге алуу мезгилинде, бүткүл дүйнөнүн эксперттери божомолдогондой эле үй-бүлөөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдардын саны көбөйүүдө.

Буга байланыштуу Ак-Жүрөк кризистик борбору аралыктан иштөө ыкмасына өтүп вирус жайылган Ош облусунун Ноокат району менен Ош шаарынын аймагында болушунча көбүрөөк жапа чеккен аялдарды өз коргоосуна алууну максат койду. Бул жылдын июль айында Ак-Жүрөк кризистик борбору АКШ Элчилиги Демократиялык Комиссиясы жана “Сорос Кыргызстан” фонду тарабынан каржыга алынган “Үй-бүлөөдөгү бакубатчылык — аялдар менен балдардын бактысы” деп аталган проектин ишке ашыра баштады.

Проекттин негизги максаты болуп үй-бүлөөлүк зомбулук жана ага байланышкан чыр-чатак жагдайлар боюнча аялдарга баштапкы психологиялык жана юридикалык жардамды телефон же болбосо башка үзгүлтүксүз байланыштар аркылуу көрсөтүү эсептелет.

Мындан сырткары Ковид-19 пандемиясына байланыштуу аялдардын мобилдүүлүгү чектелгендиктен, Ак-Жүрөк кризистик борбору өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдары жана жарандык коомдор менен тыгыз байланышта видео жана башка маалымат материалдарды даярдап, аны менен аялдарга өздөрүнүн укуктары жөнүндө маалыматты жеткирүүгө кадам таштады.

Юридикалык же психологиялык жардам алуу үчүн биздин кызматкерлер менен төмөнкү номерлер аркылуу байланышсаңыз болот:

  • Махира Зайнуллаевна, юрист: 0771 808308, 0553 808308 (WhatsApp)
  • Гульнара Калмаковна, психолог: 0776 175780, 0557 1757 80 (WhatsApp)