Ак-Жүрөк Кризистик Борбору

Бул видеолор эркектердин жана аялдардын үй-бүлөдөгү ролунун жана камкордугунун маанилүүлүгүн чагылдырат. Бул материал эркектердин жана аялдардын үй-бүлөгө жана балдарга болгон жоопкерчилигин жана ошондой эле үй-бүлөнүн позитивдүү атмосферасын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы мамилелеринин гармониясын арттырат деп ишенебиз. 

Бул видео материалдар Ак-Жүрөк кризистик борбору тарабынан ишке ашырылган «Аялуу катмардагы аялдарга психологиялык жана укуктук жардам көрсөтүү» долбоорунун алкагында «Ынтымак» телерадио компаниясы менен бирге тартылып «Сорос-Кыргызстан» фондунун каржылык колдоосу менен даярдалды. Видеороликте айтылган ой-пикирлер «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашына дал келбеши мүмкүн.

Азыркы учурда эң негизгиси санитардык жана медициналык эрежелерди туура сактап, дүрбөлөнгө алдырбай, өзүбүздүн жана башкалардын ден-соолугуна кам көрүшүбүз керек. Ар бир үй-бүлөө эарыл болгон талаптарды, тартити сакташ керек. Эгерде оорунун белгилери байкалса үйдөн чыкпай туруп ишеним телефондор аркалуу дарыгерлерге кайрылуу зарыл. Ар бир жаран кынтыксыз эрежелерди аткарганда биз бул ыланды жеңе алабыз.

Бул видеолордун маазмуну жана максаты Ковид-19 пандемиясы жөнүндө коомчулукка маалымат берүүнү жогорулатуу жана үй-бүлөөлүк зордук-зомбулукту азайтуу.

Бул тасмалар АКШнын демократиялык комиссиясы тарабынан каржыланып, Ак-Жүрөк кризистик борбору тарабынан ишке ашырылган “Үй-бүлөөнүн бакыбаттуулугу — аялдын жана баланын бактысы” долбоорунун алкагында 2020-жылдын ноябрь айында “Ынтымак” телерадио компаниясы менен бирге тартылып коомчулука ТВ жана интернет булактары аркылуу тартууланды. Бул жерде келтирилген сунуштар жана пикирлер авторлордун оюн гана билдирет. АКШнын демократиялык комиссиясынын көз карашына дал келбеши мүмкүн.

Play Video

Ак-Журок кризистик борборунун негиздөөчүсү Дарикан Асилбекова Азаттык менен биргеликте «Карантинде 73 күн» деген подкаст жазып чыгарды. Подкастты биздин вебсайтыбыздан же болбосо Азаттык Үналгысынын сайтынан уксаңыздар болот.

Ак-Жүрөк кризистик борбору 2002-жылы Асилбекова Дарикан айым тарабынан Ош шаарында негизделген. Кризистик борбор 18 жылдан бери оор кырдаалга кабылган аялдарды жана балдарды психологиялык, юридикалык, социалдык жана моралдык жактан колдоп келет.

Биздин ишмердүүлүгүбүздүн алкагында 19,706 адам жардам алып, алардын көпчүлүгүн аялдар түзкөн. Бизге кайрылган адамдардын саны жыл сайын өсүүдө. Мисалы, 2013-жылы кризистик борборго 708 адам кайрылган болсо, 2019-жылы 1,084 адам кайрылган. Алты жылдын ичинде бизден жардам сурагандардын саны 53% көтөрүлгөн.
 
Алты жылдын ичинде, мисалга алсак, 5,945 адам кризистик борбордон жардам алган: 2013-жылы—708 адам, 2014-жылы—718 адам, 2015-жылы—743 адам, 2016-жылы—809 адам, 2017-жылы—896 адам, 2018-жылы—987 адам, 2019-жылы—1,084 адам.
 
Бизге кайрылгандар негизинен ар кандай суроолор жана кыйынчылыктар менен кайрылышат. Кээ бир аялдар балдарынын документтерин алуу, тууралоодо же болбосо ажырашкандан кийин алимент алууга документтерди даярдоого жардам сурашса, кээ бирлери психологиялык, социалдык же болбосо моралдык колдоо алуу максатында бизге түздөн түз кайрылышат.
 
 2009-жылы Ак-Журок кризистик борбору баш калкалоочу жай (шелтер) ачып аны ишке киргизген. Ал жерде оор кырдаалдарга кабылган аялдар жана балдар убактылуу турак-жай жана тамак-аш менен камсыздалат. Бирок баш калкалоочу жайга муктаж болгон адамдардын саны көп болгондуктан, ар бир адам шелтерде 12-18 күн гана тура алат. Баш калкалоочу жайда турган мезгилинде биздин кесипкөй кесиптештерибиз ар бир адамдын маселесин—юридикалык, психологиялык же социалдык болобу—чечип берүүгө жана зарыл болгон жардам менен камсыз кылуу үчүн мүмкүн болгон аракеттерин жасашат.
 

Биздин ишмердүүлүбүз жөнүндө тагыраак маалыматты ушул сайтыбыздан же болбосо Фейсбук баракчабыздан окусаңыздар болот.

Ош шаарында жана Ош облусундагы үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө материал

Бул видео «Аялдар Тынчтык Банкы» коомдук фондунун жана ТРК НТС чыгармачыл тобунун «Ош шаарындагы аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулуктун натыйжасында өз өмүрүн кыюуну көбөйүдөө» деген темадагы журналисттик иликтөөсү.

Бул материалда Дарикан Асилбекова, Ак-Журок кризистик борборунун жана баш калкалоо жайынын башчысы, мамлекеттик органдар жардам сурап кайрылган аялдарды
кризистик борборго жибергенин айтып жана ошондой эле алар кризистик борбордун ишмердүүлүгү жана маалыматтары менен өкмөткө отчет берерин белгилеп кетти.

Бул журналисттик иликтөө 2016-жылдын 29-августунда жарыяланган. Автору Гүлжан Алтымышбаева. Толук материалды бул жерден окуй аласыз.